Жолдубаеваны кызматтан алууга ЖК комитети макул болду. Кезек парламентте

Жыйын жабык эшик артында өттү
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны ээлеген кызматынан алуу боюнча президент Сооронбай Жээнбековдун сунушун Жогорку Кеңештин тармактык комитети бир добуштан колдоп, парламенттин кароосуна жөнөттү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына комитет мүчөсү Алмамбет Шыкмаматов билдирди.

Сапар Исаков Айбек Калиевди кызматтан алууну тапшырды
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана ЖК регламенти боюнча комитети аталган маселени бүгүн жабык эшик артында караган. Аны президенттик аппараттын жетекчиси Мухаммедкалый Абулгазиев киргизди.

Маалыматка ылайык, башкы прокурорду жумуштан алууну парламент эртең, 11-апрелде, карамакчы.

Кыргызстандын президенти кимди кызматка коюп, кимди алууга укуктуу экенин Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуз.