Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун Анкарадагы бюстуна барып гүл койду

Залкар жазуучунун ысымы Анкардагы көчөлөрдүн бирине ыйгарылып, ал жерге бюсту орнотулган
Sputnik

АНКАРА, 10-апр. — Sputnik. Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркиядагы расмий сапарынын алкагында бүгүн, 10-апрелде Анкара шаарында Чынгыз Айтматов атындагы көчөдө жайгашкан улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бюстуна барды.

1 / 3
Президенти Сооронбай Жээнбеков Түркиядагы расмий сапарынын алкагында бүгүн, 10-апрелде Анкара шаарында Чынгыз Айтматов атындагы көчөдө жайгашкан улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бюстуна барды
2 / 3
Мамлекет башчысы Айтматовдун бюстуна гүл коюп, бир мүнөт үн катпай улуу жазуучуну эскерди
3 / 3
Жээнбеков иш-чарага катышкан Анкара шаарынын мэри Мустафа Тунага бюст орнотуу идеясын колдогондугу жана улуу жазуучуга болгон сый-урматы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы Айтматовдун бюстуна гүл коюп, бир мүнөт үн катпай улуу жазуучуну эскерди.

Түркия менен пенсия боюнча түзүлгөн келишимдин КР мигранттарына эмне пайдасы бар
Жээнбеков иш-чарага катышкан Анкара шаарынын мэри Мустафа Тунага бюст орнотуу идеясын колдогондугу жана улуу жазуучуга болгон сый-урматы үчүн ыраазычылык билдирди.

Кечээ, 9-апрелде түркиялык кесиптеши Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү жыйынтыктап жатып, Жээнбеков Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ) 2018-жылды кыргыз элинин залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун жылы деп жарыялаганын белгилеген. 

“Менин Түркияга болгон расмий сапарым “Айтматовдун жылына” туш келди — бул тарыхый окуя”, — деп баса белгилеген өлкө башчы.

Чыңгыз Айтматов атындагы көчөгө бюст орнотуу идеясы Кыргызстандын Түркиядагы элчилигине таандык жана жазуучунун 2014-жылы белгиленген 85 жылдык мааракесине арналган. Бул идеяны Анкара шаарынын мэриясы колдоп, бюстту даярдоого каражат бөлгөн. Бюсттун автору кыргызстандык скульптор Чынгыз Шакеев.