БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Борбор калаанын мэриясында "Өлбөс полк" эл аралык акциясынын коомдук штабынын мүчөлөрү шаардык кеңештин өкүлдөрү менен жолугуп, кезектеги иш-чарага даярдык талкуулады. Бул туурасында уюштуруучулар билдиришти.
Анда быйыл 9-майда аталган акция боюнча жүрүштү өткөрүү, кайсыл жерден кантип башталары сүйлөшүлдү.
Жүрүштү Коргоо министрлигинин аскерий оркестри жана согуштун катышуучулары түшкөн автоунааларынын колоннасы баштайт.
"Кыргызстандагы өлбөс полктун" коомдук штабы бардык кыргызстандыктарды кан-жанын аябай, тынчтык жашоо үчүн күрөшкөн аталардын, апалардын элесин эскерүүгө чакырат.
Иш-чара саат 10:00дө башталат.
"Өлбөс полк" акциясы биринчи жолу 2012-жылы Томск шаарында өткөн. 2013-жылы Россияда, Казакстандын жана Украинада белгиленген Жеңиш майрамында согуштун катышуучуларынын сүрөттөрүн 200 миңге жакын киши көтөрүп, параддан өткөн. Андан кийин бул акцияга Израиль, Кыргызстан жана Белоруссия мамлекеттери да катышкан.