Радио

Парханов: айыл өкмөт болгон жаштар көбөйүүдө

Өкмөткө караштуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов жаштарга жетиштүү көңүл бурулуп жаткандыгын айтты
Sputnik
Парханов: айыл өкмөт болгон жаштар көбөйүүдө

Айыл өкмөт болгон жаштардын саны күн санап өсүүдө. Бул тууралуу Мирлан Парханов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аймактардагы жаштар акимиат менен тыгыз байланышта болгондуктан, көп ийгиликтерге жетишип келет.

"Аймактарда жаштар калбай калган жок. Облустарды кыдырып чыкканымда автивдүү жаш жигиттер көп экенин көрүп кубандым. Алардын өзүнүн аймагына тийгизген салымы чоң. Жетекчилердин баары бирдей эмес да, акимиаттардын арасында да жаштарга жакшы көңүл бурбагандары бар экен. Мындан сырткары, айыл өкмөтү кызматын аркалаган жаштар көбөйүптүр", — деди Парханов.

Ал эл аралык тажрыйба алмашуу программаларына аймактардан жаштарды тартуу иштери башталганын кошумчалады.