Шейшембиге карата аба ырайы

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Шейшемби күнү, 10-апрелде өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Сак болуңуз, үшүк жүрөт! Бир жумага карата аба ырайы
Маалыматка ылайык, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир аймактарда 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Чүй, Таласта түндө 2…7, күндүз 8…13 градуска чейин жылыйт. Жалал-Абад, Баткен облустарында абанын температурасы түндө 5…10, күндүз 12…17 градусту түзөт.

Ысык-Көл жана Нарын облустарында түндө 0…5 градустан төмөн болуп, күндүз 8…13 градуска чейин жылыйт.

Ал эми Бишкек шаарында да мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күндүз 8…13 градус жылыса, Ошто абанын температурасы 12…17 градуска жетери күтүлүүдө.