Грузияда орто кылымдарга таандык, шарап ачыткан эки кумара табылды

Бул баалуу буюмдардын X-XI кылымдарга таандык экендигин болжолдонууда
Sputnik

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Грузияда шарап ачыткан, орто кылымдарга таандык эки кумара табылды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги Аджар телеканалына шилтеме кылып жазып чыкты.

Археологдор Кыргызстандан муз дооруна таандык "сыйкырдуу" тумар табышты
Аны бийик тоолуу аймакта жер айдап жүргөн дыйкан таап алган. Баалуу буюмдар X-XI кылымдарга таандык экендиги болжолдонууда.

Бул жергиликтүү дыйкан Шалва Гогитидзенин биринчи табылгасы эмес. Ал 20 жыл мурда шарап сактаган жертөлөнү таап, бирок жайгашкан жерин кайра жоготуп жиберген.

Эске сала кетсек, грузиндердин шарап сактоо ыкмасы, улуттук күрөшү жана жазуулары ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий эстеликтерине киргизилген.