Радио

Токтогул: эфирде ашкере жасалмалуулуктун кереги жок

Белгилүү журналист Мирхамид Токтогул ар бир адам жашоодогу баалуулуктарын так билиш керектигин айтты
Sputnik
Токтогул: эфирде ашкере жасалмалуулуктун кереги жок

Эфирде ашкере жасалмалуулуктун кереги жок. Бул тууралуу Мирхамид Токтогул Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алып баруучунун стили тажрыйба топтоо менен бир калыпка келет жана адам кайсы тармакта иштебесин максаты болушу керек.

"Мисалы медиага кимдир бирөө атактуу болуу үчүн, бирөө акча жасоо үчүн, дагы бирөө идеясын ишке ашыруу үчүн келет. Маселе эмнеге баратканыңды, кайсы тармакка шыгың бар экенин билүүдө. Ал эми калганын жумуш ордуна коюп коёт. Ал эми программа алып барууда ашкере эле жасалмалуулуктун кереги жок. Жашоодо кандай жүрсөң эфирде деле ошондой болгон туура", — деди журналист.

Ал карьералык жолун өзү окуган окуу жайдын радиосунан баштаганын кошумчалады.