Абайлагыла! WhatsApp тиркемесинин жасалма версиясы тарап кетти

Тиркеменин жаңы мүмкүнчүлүктөрү көбүррөк болгондуктан аны миңдеген адамдар колдонууда
Sputnik

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik.Malwarebytes Labs изилдөө компаниясы WhatsApp мобилдик тиркемесинин жасалма версиясын таап чыкты, анын жардамы менен өздүк маалыматтарды уурдоого мүмкүн. Бул тууралуу аталган компаниянын сайтында жарыяланды.

Facebook менен Telegram мессенджерлеринен маалымат уурдай турган вирус табылды
Жасалма тиркеме көбүрөөк жаңы мүмкүнчүлүктөрү менен чыккандыктан кеңири тарап кетип, миңдеген адамдар пайдаланууда. Себеби бир  учурда төрт номер менен кирүүгө болот. Андан сырткары, башкалардан келген билдирүүлөрүнүн окулгандыгын жана жазып жаткандыгын жашырууга мүмкүн.

Ал тиркемени колдонгондордун өздүк маалыматтарын жаман ойлуулар уурдап жатат.