Ишембилик: Сапар Исаковду коштогон дарыгер менен ишкерлер. Сүрөт

Иш-чара "Таза Жашоо" улуттук кампаниясынын алкагында бизнес- ассоциациялар тарабынан демилгеленген
Sputnik

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков ишкерлер уюштурган ишембиликке катышты. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. 

1 / 3
Премьер-министр Сапар Исаков ишкерлер уюштурган ишембиликке катышты
2 / 3
Бак тигүү Баланы жана энени коргоо боюнча улуттук борбордун аянтында болду
3 / 3
Бул сапар баш-аягы 3000 чукул көчөт отургузулду.

Премьерликке 100 күн. Чөк түшкөн, жылмайган, ойлонгон Сапар Исаков сүрөттө
Бак тигүү Баланы жана энени коргоо боюнча улуттук борбордун аянтында болду. Бул сапар баш-аягы 3000 чукул көчөт отургузулду. Иш-чара "Таза Жашоо" улуттук кампаниясынын алкагында бизнес- ассоциациялар тарабынан демилгеленген.

Исаков мамлекеттик органдар мындан ары да шаарды жашылдандырып, инфратүзүмдү жакшырта тургандыгын баса белгиледи.

Мындан бир нече күн мурда президент Сооронбай Жээнбеков баштаган президенттик аппараттын кызматкерлери Чыңгыз Айтматов атындагы Эмен багында ишембилик өткөрүшкөн.