БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков христиандарды Пасха майрамы менен куттуктап, Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүүсү үчүн биргеликте элдин баалуулуктарын сактоо керектигин айтты.
"Урматтуу мекендештер жана Кыргызстандын православ жарандары. Сиздерди чын жүрөктөн майрамыңыздар менен куттуктайм. Пасха — православдардын жашоодогу жолун жана руханий баалуулуктарын, каада-салттарын бириктирген майрам. Бул майрадын белгилениши өлкөдөгү жарандардын улут жана конфессия аралык ынтымактуу коомдо жашап жаткандыгынын күбөсү", — деген Жээнбеков.
Куттуктоодо Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүүсү үчүн биргеликте элдин баалуулуктарын сактоо керек экендиги айтылып, президент жарандарга бекем ден соолук жана бакубатчылык каалаган.