АКШ президенти Дональд Трампка таандык имаратта өрт чыкты

Тилсиз жоодон беш адам жабыркаса, алардын бирөө оор абалда.
Sputnik

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Нью-Йорк шаарында АКШнын президенти Дональд Трампка тиешелүү Trump Tower имаратында чыккан өрттөн беш адам жабыркады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги NBC телеканалына шилтеме кылып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жапа чеккендердин бирөө оор абалда, калгандары жеңил жаракат алган.

Москвада соода борборундагы өрттөн бир киши каза таап, 6 өрт өчүрүүчү жабыркады
Тилсиз жоо Дональд Трамп АКШ президенти болгонго чейин үй-бүлөсү менен жашаган Trump Tower имаратында чыккан. 50-кабаттагы батирлердин биринде жалындаган өрттөн ал жакта жүргөн бир адам катуу жабыркап ооруканага жеткирилген.

Окуя болгон жерде 200дөй өрт өчүрүүчү иштеген. Азырынча кырсыктын келип чыгуу себептери айтыла элек. Маалыматта өрт толугу менен өчүрүлгөндүгү кабарланган.