Атайын сынакта дүйнөнүн эң кооз акчасы аныкталды

"Жылдын банкнотасы" аттуу беделдүү сынакка 20 өлкөдөн 22 купюра катышкан
Sputnik

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Швейцариянын 10 франк банкнотасы 2017-жылы дүйнөдөгү эң кооз купюра деп табылганы Эл аралык банкнота коомунун (IBNS) расмий сайтында жарыяланды.

​"Жылдын банкнотасы" аттуу беделдүү сынакка 20 өлкөдөн 22 купюра катышкан. Калыстар банкноталардын дизайны, көркөм иллюстрациясы, түстөрдү колдонуу айкалышы жана жасалмалуулуктан корголуусуна карап баа берген.

2000 сомдук банкнота Европанын жарымы менен КМШда мыкты аталды
Жеңишке жеткен банкнотага дирижердун таякчасын кармап турган колдун жана швейцариялыктардын мүнөзү менен ийгиликтерин чагылдырып турган сааттын механизиминин сүрөтү түшүрүлгөн. Ал 2017-жылдын октябрь айында жүгүртүүгө чыккан.

Ага негизи атаандаш катары Шотландиянын 10 фунт стерлинги, Канаданын 10 доллары жана Фиджи мамлекетинин 7 доллары болду.

Өткөн жылы дүйнө боюнча жаңы дизайн менен 170ден ашуун жаңы банкнота чыгарылган.