Окумуштуулар тамакты мүнөздөп ичүү жашоону узартарын далилдешти

Илимий иликтөөнү франциялык илимпоздор жасашкан
Sputnik

БИШКЕК, 8-апр.— Sputnik. Күнүмдүк тамактагы калориянын көлөмүн азайтуу жашоону узарта турганын EurekAlert! Порталына таянуу менен “Известия” жазып чыкты.

Франциялык окумуштуулар 10 жылга чукул чычкандарга иликтөө жүргүзүшкөн. Жандыктар эки топко бөлүнүп, биринчисинин жеминин калориялуулугу 30 пайызга кыскарса, экинчи топтун тамагына өзгөртүү киргизилген эмес.

Картайганча чың ден соолукта жашоонун ыкмалары табылды
Натыйжада диетада отурган чычкандардын жашоо мөөнөтү болжол менен 50 пайызга узарганы аныкталган.

Негизинен кадимки жем жеген жандыктар 6,4 жыл жашаса, биринчи топтогулар 9,6 жылга чейин өмүр сүргөн. Мында экинчи топтогу акыркы чычкан өлгөндө биринчи топтогу чычкандардын үчтөн бир бөлүгү тирүү экенин айтылат.

Диета жандыктардын жалпы абалына да жакшы таасир эткени байкалган. Биринчи топтогулар өмүрүнүн акырына чейин активдүү болгон.