Бишкектин чок ортосунда унаа велосипедчен адамды коюп кетти. Сүрөт

Жол кырсыгынын катышуучулары милиция кызматкерлерин күтүүдө
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр — Sputnik. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы Бишкектин чок ортосунан велосипедчен адамды унаа коюп кеткендигин кабарлады.

Жол кырсыгы Чүй жана Эркиндик проспектисинин кесилишинде болжол менен саат 15:20да болгон. Велосипедчен адамды Honda Stepwgn унаасынын ээси сүзгөн. 

Наезд на велосипедиста в центре Бишкека

Окуянын катышуучулары жол эрежесин бузду деп бири-бирин айыптоодо. Велосипедчен дарыгердин жардамынан баш тартып, милиция кызматкерлерин чакырды.