Өкмөт чек арада атылган жарандын үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү

Сапар Исаков буга чейин өзбек тарап менен биргеликте киши өлүмүнө алып келген окуяны дыкат текшерүүнү тапшырган
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Өкмөт Аксы районунда чек арачылардын огунан каза тапкан кыргызстандык жарандын үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлүп берет. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эскерт кетсек, 7-апрель күнү аймактагы Кербен бекетинин тилкесинде белгисиз себептерден улам өзбек чек арачылары Курулуш айылынын тургунуна Мамай айылына бара жаткан жеринен ок чыгарган. Алган жаракатынан кыргызстандык жаран Кербен шаарындагы ооруканада жан берди

"Премьер-министр Сапар Исаков 7-апрелде кыргыз-өзбек чек арасында каза тапкан М.Ф.М. аттуу жарандын үй-бүлөсүнө 100 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алды", — деп айтылат маалыматта.

Өкмөт башчы өзбек тарап менен биргеликте киши өлүмүнө алып келген окуяны дыкат текшерүү тапшырмасын берди.

Өкмөттүн маалыматында окуя болгон жерге ыкчам топ жөнөп кеткени айтылат. Тийиштүү кызматтар анын себептерин жана жагдайларын иликтөөдө.