Исаков кыргыз-өзбек чек арасындагы ок чыккан окуяны иликтөөнү тапшырды

Өзбек чек арачыларынын огунан кыргызстандык жаран каза тапкан
Sputnik

БИШКЕК, 7-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков тийиштүү ведомстволорго Жалал-Абад облусундагы кыргыз-өзбек чек арасында болгон окуяны дыкат текшерүүнү табыштады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Кыргыз-тажик чек арасында абал турукташты, Халмурзаев сүйлөшүү жүргүзүүдө
Эскерт кетсек, 7-апрель күнү аймактагы Кербен бекетинин тилкесинде белгисиз себептерден улам өзбек чек арачылары Курулуш айылынын тургунуна Мамайга бара жаткан жеринен ок чыгарган. Алган жаракатынан кыргызстандык жаран Кербен шаарындагы ооруканада көз жумду

Өкмөттүн маалыматында окуя болгон жерге ыкчам топ жөнөп кеткени айтылат. Тийиштүү кызматтар анын себептерин жана жагдайларын иликтөөдө.