Аскарбек Шадиев кызматтан кетүү боюнча арызын жазды

Шадиев өзүнүн чечимин өкмөттүн ишине көлөкө түшүрүп алгым келбейт деп түшүндүрдү
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев кызматтан кетүү боюнча арызын жазганын өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. 

УКМКнын жетекчи орун басары Дамир Мусакеев кызматтан алынды
Анын жумуштан кетүүсүнө Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коопсуздук жана коргонуу комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров алып алды делген 2 миллион сомго байланыштуу козголгон кылмыш иши себеп болду. Аталган сумманы алууга шарт түзгөн катка Аскарбек Шадиев кол койгон. 

Шадиев өзүнүн чечимин өкмөттүн ишине көлөкө түшүрүп алгысы келбегени менен түшүндүрдү.