Сапар Исаков Азия чемпионатында жыйынтык көрсөткөн балбандарды сыйлады

Спортчуларга өкмөттүк жана акчалай сыйлыктар тапшырылды
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков күрөш боюнча Азия чемпионатында өзгөчөлөнгөн спортчуларды сыйлады. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

1 / 4
Премьер-министр Сапар Исаков күрөш боюнча Азия чемпионатында өзгөчөлөнгөн спортчуларды сыйлады
2 / 4
Исаков өлкөнүн тарыхында грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбандары алгачкы жолу командалык эсепте биринчи орунду алганын айтып, мындай жетишкендик өлкө үчүн сыймык экенин белгилеген
3 / 4
Премьер спортту өнүктүрүү "Жаңы доорго — кырк кадам" өкмөттүк программасынын бир багыты экенин эске салды
4 / 4
Ал ошондой эле Азия чемпионатында өзгөчөлөнгөн спортчулар менен машыктыруучуларга бекем ден соолук каалап, өкмөттүк жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Исаков өлкөнүн тарыхында грек-рим күрөшү боюнча кыргыз балбандары алгачкы жолу командалык эсепте биринчи орунду алганын айтып, мындай жетишкендик өлкө үчүн сыймык экенин белгилеген.

"Премьер спортту өнүктүрүү "Жаңы доорго — кырк кадам" өкмөттүк программасынын бир багыты экенин эске салды", — деп айтылат маалыматта.

Акжол Махмудов: финалга чыгаарда Канат Бегалиевдин сөзүн угуп ызаландым
Ал ошондой эле Азия чемпионатында өзгөчөлөнгөн спортчулар менен машыктыруучуларга бекем ден соолук каалап, өкмөттүк жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Эске салсак, 27-февралдан 4-мартка чейин Бишкекте күрөш түрлөрү боюнча Азия чемпионаты өткөн. Кыргызстандык балбандар жалпы эсеп менен 11 (2 алтын, 3 күмүш, 6 коло) медаль багындырып, командалык эсепте биринчи орунду ээлеген.