Прокуратура: Мискенбаевдин күнөөсү аныкталса жоопкерчиликке тартылат

"Ата-Мекен" фракциясы башкы прокуратуранын отчетун угууда
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Экс-депутат Мээрбек Мискенбаевдин күнөөсү аныкталса, жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын Башкы прокуратуранын жасаган иштери боюнча отчетун угуу маалында башкы прокурордун биринчи орун басары Бөкөнбай Казаков айтты.

Депутат Турускулов талкуу жараткан сүрөтүнүн чоо-жайын айтты
Депутат Алмамбет Шыкмаматов "Мээрбек Мискенбаев 3 миллион сомду жеп алган деген Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын документи бар. Же Мискенбаевди саясий курал катары гана колдоно беришеби, бул боюнча прокуратуранын ою кандай?" деген суроо узаткан.

Эл өкүлдөрү талкуу учурунда КСДП партиясы Кытайдан келген 1 миллион доллар жана Liglass компаниясы боюнча кылмыш иши козголгон-козголбогонуна кызыкты.

Казаков 1 миллион боюнча маалыматы жоктугун, Liglass компаниясы менен болгон келишим бир тараптуу бузулгандыктан кылмыш иши козголбогонун жана компаниянын баштапкы салымы мамлекетте калганын айтты.

Ошондой эле былтыр прокурарада иштеген канча кызматкерге кылмыш иши козголгону боюнча узатылган суроого "бир да кызматкерге кылмыш иши козголгон эмес" деген жооп болду.