Акчалай сыйлык утуп алган ишкер бийлеп жаткан жеринен жан берди. Видео

Коноктор аны жөн гана эсин жоготуп койду деп ойлошкон
Sputnik

Болливуд жылдызы 20 жыл мурда антилопа өлтүргөнү үчүн соттолуп кетти
Индиялык Вишну Пандей аттуу ишкер "Бизнес-сыйлык" номинациясы боюнча жеңишке жетип, сахнада сүйүнгөнүнөн бийлеп жатып жан таслим болду. Бул тууралуу Мetro басылмасы жазды.

Сыйлык утуп алганына кубанган ишкер сахнадан эле бийлеп, ордунан айлана баштаган. Бир нече секунд өтүп кулап түшкөн Пандей ошол жерден көз жумган.

Коноктор аны жөн гана эсин жоготуп койду деп ойлошкон. Бирок ооруканага алып барышканда дарыгерлер анын жүрөгү токтоп калганын айтышкан.