Бишкектеги кайгуул-посттук кызматына катардагы жарандар кабыл алынууда

Шаардык милиция кимдер кызмат кыла аларын айтты
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Бишкек ШИИБи кызматка кайтадан катардагы жарандарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.

"Гаишник" болуу үчүн 3 миң доллар бергем. Бишкектик жигиттин баяны
Кайгуул милициясы жоюлгандан кийин кайта түптөлгөн кызматка январда дагы катардагы жарандар ишке алынган.

КР Куралдуу күчтөрүнөн аскердик милдетин өтөгөн, жашы 30га чейинки жарандар талапкер боло алат. Ошондой эле аскердик кызматын альтернативдик өтөп аскерге жарамдуу болгондор да кайрылса болот.

Квалификациялык талаптар:

— жогорку же орто кесиптик билими тууралуу диплом, 11-классты аяктаганы боюнча аттестат да жарайт;

— альтернативдик аскер кызматын өтөгөнү боюнча аскер билети (үй-бүлөлүк абалына байланыштуу);

— эркек талапкердин бою 170 сантиметрден кем болбошу керек, кыз-келиндердин бою 168 сантиметрден кыска болбошу кажет;

— КР куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн же жогорку окуу жайдын алдындагы аскер кафедрасын аяктап, запастагы офицер наамы болгондор.

Бишкек ШИИБдин кайгуул-посттук кызматынын катарында иштейм дегендер Бишкек шаары, Горький көчөсү, 20 дарегиндеги Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (мурдагы шаардык МАИ) 3-кабаттагы 305 кабинетине кайрылса болот.