"Ата Мекен" фракциясы Индира Жолдубаевага ишенбөөчүлүк көрсөттү

Бүгүн аталган фракция Башкы прокуратуранын жасаган иштери боюнча отчетун укту
Sputnik

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясы Башкы прокуратуранын берген отчетун канааттандырарлык эмес деп таап, башкы прокурор Индира Жолдубаевага ишенбөөчүлүк көрсөттү.

Прокуратура: Мискенбаевдин күнөөсү аныкталса жоопкерчиликке тартылат
Фракциянын чечимин окуган депутат Алмамбет Шыкмаматов Башкы прокуратуранын натыйжасыз иши, мыйзамда каралган милдеттерин аткарбаганы үчүн, бийликтин аброюн түшүрүп, жарандардын ишеничинен чыккандыктан көзөмөл органдын иши канааттандырарлык эмес деп табылганын кошумчалады.

Андан тышкары, Башкы прокуратуранын резонанс жараткан коррупциялык иштер боюнча жасап жаткан аракеттерин изилдөө үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүү тууралуу ЖК төргасына кайрылуу жолдой турган болушту.

Фракциянын мындай чечимине Сайдулла Нышанов гана каршы болуп, калган депутаттар колдоого алды.

Белгилей кетсек, прокуратуранын жасаган иштери боюнча отчет берүүгө башкы прокурор Индира Жолдубаева ден соолугуна байланыштуу келген эмес.