РАЖдын жаңы лидери Турускулов атылган тоо теке боюнча ак же көк деген жок

Интернетте Жыргалбек Турускуловго окшош кишинин атылган тоо текени мүйүзүнөн кармап түшкөн сүрөтү тарады
Sputnik

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов интернетте тараган сүрөт боюнча Sputnik Кыргызстан агенттигине жооп берүүдөн баш тартты.

Социалдык тармактарда эл өкүлүнө окшогон адамдын атылган тоо текенин мүйүзүнөн кармап түшкөн сүрөтү тарап, коомчулукта талкуу жаратты.

Депутат менен байланышканыбызда аталган маселе боюнча пикирин билдирүүгө бар же жок деп жооп бербей, "кишилер менен отурам" деген жүйө менен телефонун өчүрүп салды.

Ал эми фракция лидеринин кабылдамасындагылар да сүрөттөгү кишинин Турускулов же башка экенин тактап берүүдөн баш тартышты.