Тойдун чыгымын чектөөчү мыйзамды депутаттар эмнеге колдобой койгону ачыкталды

Эл өкүлүнүн айтымында, айрым депутаттардын жана алардын тааныш-туугандарынын тойканалары болгондуктан мыйзам долбоор өтпөй калган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Тойдогу ысырапкорчулукту азайтууга багытталган мыйзам долбоор айрым депутаттардын кызыкчылыгынан улам парламенттен колдоо таппай калган. Бул тууралуу эл өкүлү Эмил Токтошев Sputnik Кыргызстан агенттигинин мультимедиалык борборунда өтүп жаткан "Жүрөк оорутпай кантип той берсе болот" аттуу тегерек стол учурунда билдирди.

Депутат Жогорку Кенеша Эмиль Токтошев

Анын айтымында, айрым депутаттардын жана алардын тааныш-туугандарынын тойканалары болгондуктан мыйзам долбоору ишке ашпай калган.

Өзүн актаган жана сызга отургузган тойлор. Инсультка жеткирген насыя
"Буга чейин тойлордогу чыгымды азайтуу үчүн атайын мыйзам долбоор иштелип чыккан. Аны демилгелегендердин бири мен. Долбоордо тойдун ээси 100-150дөн ашпаган конок чакыруусу керектиги көрсөтүлгөн болчу. Бирок, тилекке каршы, айрым депутаттардын жана алардын тааныш-туугандарынын тойканалары болгондуктан мыйзам долбоор парламенттен колдоо таппай калды", — деди эл өкүлү.

Ал ошондой эле тегерек столдун катышуучуларына мыйзам долбоорду кайрадан иштеп чыгып, маселени көтөрүүгө даяр экенин белгиледи.

Эске салсак, мурдагы депутат Аида Салянова башында турган депутаттык топ тойлордогу шаан-шөкөткө, ысырапкорчулукка жол бербөө максатында иштеп чыккан мыйзам долбоорго 70 депутат "каршы", 42 депутат "макул" деген добуш бергени үчүн өтпөй калган. Долбоорго ылайык, эң ири той деп эсептлеген үйлөнүү үлпөтү 150 мейман менен чектелмек.