Таласта улар аткан браконьерлер кармалды

Аларга Административдик жоопкерчилик кодексине ылайык айып салынды
Sputnik

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Талас облусунун Каракол аймагынан улар аткан үч браконьер кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Ага ылайык, КР жарандары аңчылык убактысы бүткөнүнө карабай ууга чыгышкан. Алардын жанынан 28 огу менен мылтык, атылган төрт коён, үч суур жана бир улар табылган.

"Кармалган жарандардын жанында мылтыкка уруксат берүүчү документтер болгон эмес", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын жоголуп бара жаткан жаныбарлары сүрөттө
КР жарандарга Административдик жоопкерчилик кодексине ылайык айып салынып, тийиштүү документтер толтурулгандан кийин Айлана-чөйрө жана токой чарбасын коргоо агенттигинин аймактык департаментинин кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Кыргызстандагы жоголуп бара жаткан жаныбарлардын сүрөттөрүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн көрүңүздөр.