Ысык-Көл: жоголгон беш жашар бала эртеси токойдон табылды

Баланы 22 куткаруучу жана 80 милиция кызматкери, 150гө чукул айылдашы токойду аралап, тинтип издешкен.
Sputnik

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда 3-апрелде саат 17:30дар чамасында Кайырма-Арык айылынын 5 жаштагы тургуну үйдөн чыгып тоону көздөй бет алган боюнча кайтып келген эмес. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Антальяда жоголгон кыргызстандык келин 12 күндөн кийин байланышка чыкты
Баланы өздөрү издеп таппай койгондон кийин ата-энеси менен туугандары ӨКМге кайрылган.

Наристени 22 куткаруучу жана 80 милиция кызматкери, 150гө чукул айылдашы токойду аралап, тинтип издешкен. Окуядан бир сутка өткөндөн кийин кечки саат алтыларда айылдан төрт чакырым алыс аралыктан токойчулар баланы таап келишкен. ӨКМ бала тирүү экендигин, ата-энеси алып кеткендигин маалымдады.

Буга чейин кыргызстандык 16 жаштагы кыз беш ай мурда Казакстандын Алматы калаасында жоголуп кетип, табылган.