Жээнбеков Абдил Сегизбаевге коррупция менен кантип күрөшүү керектигин айтты

Президент 2018-жылдын биринчи кварталы боюнча УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишмердигинин жыйынтыктарын талдоо коррупцияга каршы аракеттенүү багытында жакшы жылыш бар экенин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев менен Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Сагынбек Исмаиловду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууга Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев да катышты.

Жээнбеков сот Оморованы кызматтан алды. Ал мурда Zanoza.kg боюнча чечим чыгарган
УКМК менен Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчилери 8-февралда Коопсуздук кеңешинин чечимдеринин аткарылышы боюнча жана мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыктары тууралуу маалымат беришти. Тактап айтканда, Бишкек ЖЭБдеги авария жана модернизациялоо, республикалык бюджеттен негизи жок кошумча нарк салыгын төлөп берүү фактылары жана башка коомдук резонанс жараткан иштер боюнча козголгон кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшү тууралуу кабарлашты.

Президент 2018-жылдын биринчи кварталы боюнча УКМК Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишмердигинин жыйынтыктарын талдоо коррупцияга каршы аракеттенүү багытында жакшы жылыш бар экенин айтты. Ошол эле учурда алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн мындан дагы катуу аракеттенип, колдо болгон бардык күчтөрдү жана каражаттарды пайдалануу зарыл экендигин баса белгиледи.

Жээнбеков сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупция өлкөнүн улуттук коопсуздугуна негизги коркунуч келтирген абалда болуп жаткандыгын белгиледи. УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын иши жалпы коомчулуктун катуу көзөмөлүндө тургандыгын баса белгиледи.

Башкы прокуратура укук коргоо органдарындагы коррупция менен күрөшүү жөнүндө
Сагынбек Исмаилов кызматтын ишмердигинин негизги багыттары жана 2018-жылга иш пландары туурасында отчет берди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаев алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын күчү жана ресурстары жетиштүү экендигин айтты.

Жээнбеков УКМК жетекчилигинен алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу боюнча аракеттерди күчөтүп, мамлекеттик органдарда, анын ичинде сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча катуу чараларды көрүүнү, калк менен тыгыз иштешүүнү талап кылды.

"Кандайдыр бир коррупциялык кылмышка тиешеси бар ар бир чиновник мурдагы жетишкендиктерине жана эмгегине карабастан сөзсүз түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш", — деп баса белгиледи мамлекет башчысы.

Президент Жээнбеков ошондой эле Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы күрөш жүргүзүү менен бирге коррупциялык кылмыштарды жана укук бузууларды жасоого өбөлгө болгон себептерди жана шарттарды аныктоо аркылуу коррупциянын алдын алуу боюнча системалуу иш жүргүзүүгө тийиш экендигин белгиледи.