Владимир Путин Түркияга эки күндүк сапары менен келди

Путин Анкарага Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен барды
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Түркиянын борбору Анкара шаарына эки күндүк иш сапары менен келгенин РИА Новости агенттиги билдирди.

Бул Россия президентинин кайтадан шайланганан кийинки биринчи чет элдик сапары. Путин Анкарага Режеп Тайип Эрдогандын чакыруусу менен барды.

Түркия менен Израилдин башчылары бири-бирин террорчулукка айыптады
Путиндин сапары "Аккую" атом электр станциясынын курулушуна арналган видеоконференция менен башталат. Мамлекет башчылары биринчи энергоблоктун пайдубалына бетон куюу үчүн команда берет.

Андан кийин Путин менен Эрдоган тар чөйрөдө сүйлөшөт. МЫндан соң кызматташуу кеңешинин жогорку деңгээлдеги жолугушуулары өтүп, анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлмакчы.

Шаршемби күнү Анкарада Россиянын, Түркия жана Ирандын мамлекет башчылары жолугуп, анда Сириядагы абалды жөнгө салуу боюнча Астана процесси тууралуу кеп болот.