БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik.Уран Ахметов КР президенти Сооронбай Жээнбековдун кол койгон Жарлыгына ылайык юстиция министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин өкмөт башчы Сапар Исаков Ахметовду өзүнүн берген арызынын негизинде кызматтан алуу боюнча президентке өтүнүч келтирген болчу.
Ахметов бул кызматка былтыр ноябрь айында өкмөттүн жаңы курамы менен келген. Жакында эле ал премьер-министрден эскертүү да алган.