БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкектеги маршрутка айдоочуларынын иш таштаган жагдайын текшере баштаганын аталган комитеттин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 2-апрелде шаардагы маршрутка айдоочулар жол кирени жогорулатып, милдеттүү камсыздандырууну жокко чыгаруу талабын коюп ишке чыккан эмес. Анын айынан эл бара турчу жерине жете албай, шаарда коллапс жаралган.
УКМКнын маалымат кызматы ИИМ менен биргеликте текшерүүнү баштаганын айтты.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram-тайпасына билдирген жарандардын маалыматы боюнча бүгүн ишке 100, 101, 103, 110, 114, 117, 118, 129, 130, 131, 132, 136, 138, 145, 147, 152, 162, 164, 166, 167, 172, 175, 179, 199, 200, 202, 211, 212, 214, 215, 223, 226, 243, 252, 269, 285, 333, 344 жана 305 номерлүү маршруткалардын айдоочулары чыккан.
Иш таштаган айдоочулардын айланасында эмне болуп жатканын Sputnik агенттигинин тексттик трансляциясынан окуңуздар.