Салык кызматынын төрага орун басары коррупцияга шектелип кармалды

Буга чейин айрым юридикалык тараптар Кытайдан келген товарлар боюнча салык органдарына кошумча нарк салыгы жөнүндө жалган маалыматтарды берип турушканы айтылат
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Коррупцияга шектелип Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов кармалды. Укук коргоо органдарынын бул маалыматын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тастыктады.

2013-жылдан бери аталган кызматты аркалап келе жаткан Кумашов 217 миллион сомду уурдоо боюнча ишке байланыштуу колго түшүрүлдү.

Буга чейин айрым юридикалык тараптар Кытайдан келген товарлар боюнча салык органдарына кошумча нарк салыгы жөнүндө жалган маалыматтарды берип турушканы айтылган.

Кыргызстанга ири өлчөмдө баңгизат ташыган эл аралык канал буулду
Иш жүзүндө кошумча нарк салыгы ашыкча төлөндү деген товарлар бажы алымдары жана салыктар толук түрдө төлөнгөн ири соода-базар комплекстеринин ишкерлерине таандык болгон.

УКМКдан блдиришкендей, коррупциялык схема боюнча салык жана башка көзөмөлдөө органдардын — Салык жана Бажы кызматтарынын, Экономика министрлигинин өкүлдөрү менен келген товарлар компаниянын кызмат адамдары менен жең ичинен сүйлөшүлгөн жактарга толтурулуп турган. Өз отчетторунда импорт товарларга төлөнгөн салыктарды өзүнүн төлөмү катары көрсөтүп, кийин мамлекеттик бюджеттен салык үчүн төлөнгөн акчаны кайтарып алып турган.

Баса, Коопсуздук кеңеши коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында укук коргоо органдырынын жетекчилеринин мүлкүн текшерип чыгууну көздөп жатат.