Ушул элеби? ТЭЦке 640 долларга алынган аттиштин сүрөтү

Документте аттиш деп көрсөтүлгөн чемодандын ичинде 18 аспаптан турган комплект жана резина лентасы бар
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Жогорку Кеңеште Бишкек ТЭЦиндеги авариянын себептерин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын жыйыны өтүп, анда Улуттук энергохолдингдин төрагасы Айбек Калиев чуу жараткан 640 долларлык аттиштердин сүрөтүн көрсөттү. 

Комплект специальных инструментов для ТЭЦ

Бишкек ТЭЦинин экс-жетекчиси: аттиштен башка нерселер да кымбат алынган
Калиевдин жыйында айткан кебине караганда, документте аттиш деп көрсөтүлгөн чемодандын ичинде 18 аспаптан турган комплект жана чет өлкөдө чыгарылган резина лентасы бар. Мындай комплектинин эки даанасы 640 долларга бааланган.

Эске салсак, буга чейин ТЭЦтин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу мекемени модернизациялоодо жабдуулар кымбат сатып алынганын айтып чыккан. Коомчулук болсо "640 долларлык да аттиш болобу" деп ызы-чууга түшкөн.