Исаков Саламаттык сактоо министрлигине дагы бир орун басар дайындады

Марттын соңунда минстрлик менен бирге эле бир катар ведомстволордо "Таза коом" долбоорун ишке ашыруу, санариптик өнүктүрүү боюнча жетекчилердин орун басарлары дайындалары айтылган
Sputnik

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басарлыгына Эркин Чечейбаев дайындалды. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

"Премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен Эркин Чечейбаев Саламаттыкты сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды", — деп айтылган маалыматта.

Март айынын соңунда минстрлик менен бирге эле бир катар ведомстволордо "Таза коом" долбоорун ишке ашыруу, санариптик өнүктүрүү боюнча жетекчилердин орун басарлары дайындалары айтылган. Мында чечим мамлекеттик органдарга маалымат технологияларын андан ары тереңдетүү максатында кабыл алынган.