БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik.Руслан Казакбаев Жогорку Кеңештеги "Республика — Ата-Журт" фракциясынын лидерлигинен кетти. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган фракциянын мүчөсү Табалды Тиллаев билдирди.
Анын айтымына караганда, 3-апрелде "Республика — Ата-Журт" фракциясынын кезектеги жыйыны болуп, Казакбаев фракциянын жетекчилигинен кетерин айткан.
"Анын ордуна жаңы лидер болуп Жыргалбек Турускулов келди, ал эми Казакбаев депутаттык ордунда кала берет", — деди Тиллаев.
Экс-лидер Бабановдун үзөңгүлөштөрүнүн бири, ал премьер-министр кезинде Казакбаев Тышкы иштер министри болгон. Бабанов шайлоодон кийин фракция лидерлигинен баш тартканда, анын ордуна келген.