Премьер президентке юстиция министри Ахметовду кызматтан алууну сунуштады

Ахметов кызматынан кетүү боюнча өзү арыз жазган
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков президент Сооронбай Жээнбековго юстиция министри Уран Ахметовду кызматтан бошотуу тууралуу сунуштама жөнөткөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Ахметов кызматынан кетүү боюнча өзү арыз жазган.

Ахметов бул кызматка 2016-жылы ноябрь айында өкмөттүн жаңы курамы менен келген. Жакында эле ал премьер-министрден эскертүү да алган болчу.