Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев кичи мекени Манас айылына барды. Видео

Ишемби күнү Өзбекстандын президенти эки күндүк сапары менен Жиззах облусуна келди
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кичи мекени Жиззах облусундагы Манас айылына келгенин Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги жазды.

Манас айылы 1960-жылдары негизделип, учурда 6,5 миңден ашык киши жашайт. Кыска убакыттын ичинде бул айыл "өлкөдөгү эң мыкты" айылдардын катарын толуктаганы айтылат.

"Манас айылы президенттин "Жайлуу айыл" ири программасынын баштапкыларынын бири болуп калды. Бул программа өлкөнүн алыскы аймактарындагы жашоону жакшыртууга багытталган", — деп белгиледи агенттик.

Тур, турагой, Өзбекстанга кечигебиз!
Өлкө башчысынын бул программасы боюнча быйыл 368 махалла менен 174 районду жакшыртуу каралган.

Эки күндүк сапарда Мирзиёевге Жиззах облусуна курулуп жаткан жаңы конуштардагы жети кабаттуу он үй, Үчтепе, Токчилик айылдарында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөр боюнча маалымат берилген.

Былтыр облустагы 345 үй кайтадан оңдолгону айтылса, быйыл 409 үйдү реконструкциялоо пландалууда.