Иш таштаган маршрутка айдоочулары жол кирени 15 сомго көтөрүүнү талап кылууда

Жол кирени көтөрүү маселеси буга чейин да көтөрүлүп, бирок колдоо тапкан эмес
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Бишкекте бүгүн иш таштаган маршруттук таксинин айдоочулары жол кирени 15 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы айдоочулардын 12-кичирайондо чогулган жеринен билдирди.

Маршрутка айдоочулары иш таштады. Учурда эмне болуп жатат
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги дээрлик бардык маршрутканын айдоочулары иш таштап, каттамга чыккан эмес.

Чогулган айдоочулар жол кирени 15 сомго чейин көтөрүүнү талап кылып, айрымдары пенсионерлер менен 7 жашка чейинкилер үчүн каралган жеңилдикти (пенсионерлер менен 7 жашка чейинкилер үчүн жол кире 5 сом) алып салуу керектигин да айтышты.

Эске салсак, шаардагы маршруттук таксилерде жол кирени 15 сомго чейин көтөрүү маселеси буга дейре да көтөрүлүп, бирок колдоо тапкан эмес. Бул боюнча калаа мэри Албек Ибраимов да өз пикирин билдирген болчу.