Кудай сактады! КРге кулайт делген космостук станция атмосферадан күйүп кетти

Станция космосто 6,5 жыл болгон
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Кытайдын "Тяньгун-1" станциясынын сыныктарынын көпчүлүк бөлүгү атмосферага кирген кезде өрттөнүп жок болду. Тагыраагы, жерге түшкөн жок. Бул тууралуу РИА Новости Кытайдын космостук учууларды жасаган программанын сайтына таянуу менен билдирди.

​Орбитада 2011-жылдан бери жүргөн "Тяньгун-1" станциясы Жердин атмосферасына дүйшөмбү күнү Пекин убактысы боюнча саат 8.15те (Бишкек убактысы 06.15) кайтып келген. Анын калдыктары Кыргызстандын аймагына кулашы мүмкүн экени болжолдонгон.

Башкы штаб КРге кулайт делген космостук станция боюнча үн катты
Функциясы боюнча "Тяньгун-1" советтик "Алмаз" жана "Салют" станцияларынын эле аналогу болуп эсептелет. Ал космостук кемелердин кагылышуусуна бөгөт койгон процесстерди иштеп чыгууга багытталган.

Акыркы эки жыл ичинде ага учкучу жок башкарылган бир жана учкучтары менен эки кеме барып келген. 2016-жылы Кытай бийлиги аталган станция менен байланышты жоготуп алганын жана анын кыймылын башкара албай турганын жар салган.

Станция космосто алты жылдан ашык болгон. Анын салмагы 8,5 тоннаны түзүп, узундугу 104 метр, көлөмү 15 куб метрге жетет.