"Эйр Кыргызстан" компаниясы Россиянын учактарын кандай шарттар менен алат

Кыргызстан учак алууда Россия тараптан 30 пайыздык жеңилдетүүгө аракет кылып жатат
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын Россияда чыгарылган учактарды сатып алуусу боюнча алгачкы келишимге кол коюлгандыгын аталган ишкананын башкы директору Жолдошбек Бектурганов Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.

Белгилей кетсек, аталган компаниянын жалгыз учагы ремонтко туруп калгандыктан, 2017-жылдын ноябрь айында каттамдарын токтоткон. Ал эми Россиянын вице-премьери Аркадий Дворкович Кыргыз-орус мамлекеттер аралык комиссиясынын жыйынында кыргызстандык авиакомпания алардан эки учак алууну көздөп жатканын айткан.

"Азыр техниканы кандай шарттар менен аларыбыз такталып жатат. Анткени Россия өз аймагына каттаган компанияларга учактарды жеңилдиктер менен сатат. Мисалы, ички каттамдагы компания алган учактардын баасынын 30 пайызын Россия өкмөтү төлөп берет экен. Биз дагы ЕАЭБдин алкагында ушундай жеңилдетүүлөр берилсин деп аракет кылып жатабыз", — деди Бектурганов.

Кыргызстандан учакка отуруп кайсы шаарларга түз жетсе болот
Анын айтымында, компания азырынча эки учак алууну көздөп жатат.

"Азырынча эки учак алабыз. Кийин жеңилдиктер болуп калса 10го чейин аба кеме алышыбыз ыктымал. "МС-21" учагы быйылкы жылдын аягына чейин чыгарылса, бизге 2020-жылы жеткирилет деп сүйлөшүүлөр болуп жатат", — деди директор.

Ачык булактарда көрсөтүлгөндөй, Кыргызстан алууну пландап жаткан учактардын бири Sukhoi Superjet 100дүн баасы 30-35 миллион доллар турса, "МС-21" үлгүсүндөгү 70-80 миллион долларга бааланууда.