Бишкекте хоккей боюнча өлкө биринчилиги өтөт

Сынакта өлкө аймагынан келген төрт команда ат салышат
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Борбор калаада хоккей боюнча өлкө биринчилиги өтөт. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Хоккейчи конькиси менен казак дарбазачысынын кокосун каната тепти. Видео
Маалыматка ылайык, мелдеш 5-апрелден 8-апрелге чейин болот. Анда Нарындын "Дордой", "Кеңеш учкучтары", Ысык-Көлдүн "Чолпон-Ата" жана Бишкектин "КТЖ" командалары күч сынашат.

Чемпионаттын соңунда мыкты спортчулар өлкөнүн курама командасына тандалат.

Спорттук иш-чараны уюштурууга мамлекет тарабынан 127 миң сом бөлүнгөн.