Тойдо 173 киши ууланган "Ала-Тоо" рестораны убактылуу жабылды

Санэпидкөзөмөл коомдук көңүл ачуучу жайдагы уулануунун алдын ала себебин билдирди
Sputnik

БИШКЕК, 2-апр. — Sputnik. Борбор калаадагы "Ала-Тоо" ресторанында өткөн үлпөт тойго келген 192 кишинин 173ү ууланганын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйында билдирди.

Мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Артур Буюкляновдун айтымында, жабыркагандардын алды 31-мартта саат 19:30дан тарта ооруканага кайрыла баштаган.

Бишкекте 150 киши, Ысык-Көлдө 11, Чүй менен Нарындан алтыдан киши жабыркаган.

Бишкектеги ресторанда өткөн тойдун коноктору эмне жеп ууланган
100 киши, анын ичинде 14 жашка чейинки 19 бала да ооруканага жаткырылды. 50 киши амбулатордук (анын 12си балдар) түрдө дарыланууда. Жабыркагандардын экөө кайта жандандыруу бөлүмүндө (учурда алардын өмүрүнө коркунуч жок) жатса, калгандарынын абалы канааттандырарлык.

Ооруканага кайрылгандар ичи өтүп, калтырак басып, алы кетип жана башы айланып кайрылган. Буюклянов уулангандардын арасында тойго келбегендер да болгонун айтып, алар тойдон барган тамак-аштан ууланганын кошумчалады.

"Негизинен тоок жана куурулган балык жегендер ууланган", — деди ал.

Уулануу болгондон кийин 1-апрелде ресторанга Санэпидкөзөмөл борборунун кызматкерлери барышкан. Алар менюну карап, эт жана тоок этинен жасалган рулеттин, ошондой эле чийки балыктын, тоок менен уй этинин үлгүлөрү да алынган. Андан сырткары, даярдалган тамактын калдыктары экспертизага алынган.

Казакстанда 61 адам балмуздакка ууланды, үчөөнүн абалы оор
Буюклянов алдын ала жыйынтык боюнча тамактарды жасоо жана сактоо технологиясы бузулганын белгиледи.

Акыркы жыйынтык лабораториялык изилдөөлөр чыкканда белгилүү болот.

Текшерүүнүн жыйынтыгында башкы ашпозчуга 25 миң сом айып салынып, ресторан текшерүү бүткөнгө чейин жабылды.

Буга чейин шаардык милиция уулануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон эле.