АКШда кыргыз гимнин жаңырткан Самат кайрадан жеңишке жетишти

Мелдешке АКШ, Европа жана КМШ өлкөлөрүнөн келген спортчулар катышкан
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Самат Надырбек уулу Америкадагы күрөш боюнча эл аралык мелдеште чемпион аталды. Бул тууралуу аталган турнирдин расмий сайтына жарыяланды.

Кыргыз балбандары сумого түшкөндө... Тирешкен, түртүшкөн ирмемдер
Маалыматка ылайык, Bill Farrell Memorial International Open аталышындагы спорттук иш-чара 30-31-март күндөрү Нью-Йорк шаарында өткөн. Ага АКШ, Европа жана КМШ өлкөлөрүнөн келген спортчулар катышып, күрөштүн үч түрү боюнча күч сынашкан.

Турнирде мекендешибиз эркин күрөш боюнча 57 килограмм салмактагылар арасында ат салышкан. Ал эми финалдык беттеште 11:0 эсеби менен алтын медаль тагынды.

Эске сала кетсек, Самат Надырбек уулу буга чейин да жеңишке жетип, АКШда кыргыз гимни жаңырган.