Казакстанда эң сулуу селки тандалды. Сүрөт

Сынакка 30 кыз катышты
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. "Казакстан сулуусу — 2018" наамына атыраулук 16 жаштагы Альфия Ерсайын ээ болгонун Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

1 / 3
"Казакстан сулуусу — 2018" наамына атыраулук 16 жаштагы Альфия Ерсайын ээ болду
2 / 3
Астана шаарында өтүп, 30 сулуу катышкан сынакты жеңип алган Альфия байгесин кайрымдуулукка жумшаарын айтты.
3 / 3
"Казакстан сулуусу — 2018" сынагынын байге фонду быйыл үч миллион тенгени түзгөн.

Астана шаарында өтүп, 30 сулуу катышкан сынакты жеңип алган Альфия байгесин кайрымдуулукка жумшаарын айтты.

"Байге катары алган акча каражатын кайрымдуулукка берем. Ал эми "Дүйнө сулуусу" сынагында өлкөмдү татыктуу алып чыкканга аракет кылам", — деди жеңүүчү.

Биринчи вице-мисс наамын карагандалык Екатерина Дворецкая, экинчисин — Маймуна Кулькешева алды. Ал эми үчүнчү вице-мисс болуп Динара Баймуратова аталды.

"Казакстан сулуусу — 2018" сынагынын байге фонду быйыл үч миллион тенгени түзгөн. Жеңүүчү акчалай сыйлыктан тышкары, бир нече белгилүү бренддердин жарнамалык роликтерине тартылуу укугуна ээ болду. Мындан тышкары, Альфия Ерсайын Казакстандын намысын "Дүйнө сулуусу — 2018" сынагында коргой алат.

Эске салсак, Бишкекте дагы сулуулар сынагы болуп, анда Сезим Асранкул кызы аттуу студент жеңишке жеткен.