Бишкектеги ресторанда өткөн тойдун коноктору эмне жеп ууланган

Учурда 41 адам калаадагы инфекциялык ооруканага жаткырылып, 17 адам амбулатордук жардам алды.
Sputnik

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Бишкектеги "Ала-Тоо" ресторанында уулангандардын саны 58ге жетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына шаардык Санитардык-эпидомиологиялык көзөмөлдөө борборунан билдиришти.

Буга чейин үйлөнүү тойдо 38 адам уулангандыгы боюнча маалымат түшкөн.

Санитардык-эпидомиологиялык борбордон 41 адам калаадагы инфекциялык ооруканага жаткырылганын кабарлашты. Алардын жетөө балдар. Ошондой эле дагы 17 адам амбулатордук жардам алган.

Казакстанда 61 адам балмуздакка ууланды, үчөөнүн абалы оор
Аталган борбордун башкы дарыгери Артур Буюклянов бейтаптар эт, балык жана тооктун этинен уулангандыгы болжолдонуп жатканын белгиледи.

Окуяга байланыштуу шаардык Санитардык-эпидомиологиялык көзмөлдөө борбору текшерүү жүргүзүп жатат. Тойго Ысык-Көл, Нарын жана Ош облусунан 190дой мейман келген.

Буга байланыштуу окуянын чоо-жайын тактоо үчүн аталган борбордун аймактык бөлүмдөрү ишке тартылып, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Учурда саламаттык сактоо министринин орун басары менен башкы санитардык дарыгер Олег Горин окуяны жеке көзөмөлүнө алышты.

Ал эми "Ала-Тоо" рестораны азырынча окуя боюнча маалымат бере элек.