Окумуштуулар кафе-ресторандарда тамак жегендин кооптуулугун айтып беришти

Илимпоздор 10 миңге чукул адамды сурамжылап, акыркы суткада эмне жегенине кызыгышкан. Алардын 60 пайызы үйдөн тамактанбагандыгын айтышты.
Sputnik

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Кафе-ресторандарда көбүрөөк тамактангандардын организминде химиялык заттар көп кездешет. Бул туурасында РИА Новости Environment International журналына шилтеме кылып жазды.

Бул боюнча Жордж Вашингтон уинверситетинин окумуштуулары изилдөө жүргүзүп, жогорудагыдай жыйынтыкка келген.

Университеттин алдындагы медициналык кафедранын доценти Ами Зотанын айтымында, коомдук жайлардагы тамак-ашта фталаттардын көп кездешүүсү мүмкүн. Фталат деп аталган химиялык затта туз, фталат кислотасынын эфири көп болуп, ал гормондордун иштешин бузуп, бир топ оорулардын пайда болушун шарттайт.

Окумуштуулар жемиш ширеси өмүргө кандай кооптуулук жаратарын айтышты
Зота жана анын кесиптештери 2005-2014-жылы өткөрүлгөн элдин саламаттыгы жана тамактануусу боюнча улуттук изилдөөнү негиз катары алган. Анда 10 миңге чукул адам арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, акыркы суткада эмне жегенине кызыгышкан. Алардын 60 пайызы үйдөн тамактанбагандыгын айтышкан.

Мындан соң адистер элдин эмне жегенин жана алардын организминдеги фталаттардын өлчөмүн анализге алып чыккан. Кафе, ресторанда тамак ичкендердин көбүндө фталаттардын көрсөткүчү 35 пайыздан ашып кеткен.

Бул кооптуу химиялык зат өспүрүмдөргө тезирээк жабышары иликтөөдө көрсөтүлгөн. Окумуштуулар чизбургер жана сэндвичтен улам организмдеги фталаттар көбөйөрүн айтышкан.

"Кош бойлуу аялдар, балдар менен өспүрүмдөр денесиндеги гормонду бузган химиялык токсиндик заттарга арбыныраак кабылат. Бул себептен улам жогорудагыдай тамакты чектеш керек", — деген изилдөөнү жетектеген Юлия Варшавски.

Фталаттар кафе-ресторандарда колдонулган көп буюмдарда, желим кол каптарда, желим контейнерлерде жана ар кыл ашкана техникаларында болору айтылды.

Буга чейин окумуштуулар шишкебектин кооптуулугу туурасында айтып беришкен.