Төрт айдан соң төгүлүп-чачылган Атамбаев. Досу, бийлик жана миллиондор тууралуу

31-мартта КСДП партиясынын съезди Бишкекте болуп, анда партиянын төрагалыгына Алмазбек Атамбаев бир добуштан шайланды.
Sputnik

Партиянын съезди жабык эшик артында болгону жана айрым депутаттардын чакырылбаганы коомдо бир топ түрдүү пикирлерди жаратты.

Экс-ажо Алмазбек Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясынан бери коомчулукка чыга элек болчу.

Атамбаев съездден кийин журналисттер менен жолугуп, дароо эле суроолорго жооп бере турганын айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон мамилеси

Экс-ажого биринчи эле суроо анын өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков менен болгон мамилеси тууралуу болду. Анткени эл арасында "мурдагы президент менен азыркы президент жакалаша кетиптир" деген кептер тараган эле.

Атамбаев Сооронбай Жээнбеков эски досу экенин, 23 жылдан бери таанышып, достошуп жүргөнүн айтты. Андан сырткары, кээде ага эч ким айта албаган нерселерди айтууга туура келерин кошумчалады.

"Ал өзгөчө оор учурга туш келди, анткени Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди, быйылтан тарта биз президенттик мамлекеттен парламенттик мамлекетке өтө баштадык. Бул, албетте, кайсы гана президент үчүн болбосун чоң сыноо. Андыктан биздин милдет — ага жардам берүү. Жардам берет десе эле анын ар бир жасаган кадамын мактай бербеш керек. Кимдир бирөөгө катуу, кескин сөздөрдү айтууга туура келет, анткени Акаев, Бакиевден эмне болгонун, тилекке каршы, баарыбыз билебиз", — деди ал.

Атамбаев өз сөзүндө акыркы 10, 20 жылдан бери Кыргызстанда үй-бүлөлүк башкаруунун болбошу үчүн жана чыныгы демократияны орнотууга жан үрөп иштеп келгенин айтып, ал аракеттери уланарын белгиледи.

Атамбаев Асылбек Жээнбеков депутаттыгы кандай зыян алып келерин айтты
Ал ошондой эле президент болгон мезгилде кыргыздын менталитетин жакшы түшүнүп калганын айтып, жанында жүргөндөрдүн мактоосуна, көкөлөтүп жиберүүсүнө алданып калбоо керектигин кошумчалады.

"Кыргыздын менталитетин билем да, мен дагы президент болдум. Азыртадан эле өзүнөн баштап тууган-туушканына чейин көкөлөтүп жатышат. Сооронбай Жээнбековго "муну мен Акаев менен да, Бакиев менен да көргөм, аягы жаман бүтөт" дедим. Аны мен айтпасам ким айтат. Болгонун болгондой айтып коюу менин милдетим. Ыймандуу бийде тууган жок дегенди айтышым керек", — деди ал.

Атамбаевдин саясатка кайтып келиши

Жыйында Атамбаевге эң көп берилген суроолордун бири саясатка кайтып келүү себеби тууралуу болду. Экс-президент партияны 2020-жылы боло турчу парламенттик шайлоого даярдоо башкы максаты экенин айтты. Ал ошондой эле кийинки парламенттик шайлоодо депутаттар баштапкы бекитилген тизме менен гана келиши керектигин, шайлоого чейин башка, шайлоодон кийин башка тизме болбошу зарылдыгын белгиледи. Атамбаев, андан сырткары, өлкөдө идеологиясы бар, туруктуу 2-3 партия болушу керектигин айтты.

Коопсуздук кеңешиндеги "кооптуу" билдирүүлөр

Алмазбек Атамбаевдин пикиринде быйыл 8-февралда болгон Коопсуздук кеңешинин жыйынында Сооронбай Жээнбековго туура эмес маалыматтар берилген.

Атамбаев кайра саясатка келеби? Эксперттердин пикири
"Коопсуздук кеңешинин жыйынында ага туура эмес маалыматтарды, сүйлөй турчу сөздү беришкен. Ал жакта бийлик (Атамбаевдин бийлиги — авт.) үч жылдан бери коррупция менен күрөшпөй келди деп айтылды. Азыркы күндө бети ачылып жаткан чуулгандуу коррупциялык иштер Атамбаевдин учурунда башталган. Мисалы Бажы кызматында кошумча нарк салыгынын төлөнбөй келгени дээрлик 80 миллион сом экени аныкталды. Мунун баары былтыр апрелде башталган. УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевге, Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ошол учурдагы башчысы Дүйшөнбек Чоткараевге тапшырма берилген", — деди экс-ажо.

Андан сырткары, биринчи окууда кабыл алынган стратегиянын ордуна таптакыр башка стратегия сунушталып, акырындык менен парламенттик өлкөгө өтүү жана "Таза коом" боюнча пунктулар алып салынганын кошумчалады.

"Кийин Сооронбай Жээнбековдон "эмне үчүн мындай болуп калды?" деп сурасам, аппаратка абдан ишенип алганын айтты. Ушундай нерселер мага чынында оор тиет. Биздин мамлекетибиз көп нерсени башынан өткөрдү, авторитардык башкарууга кайтып барбашыбыз керек", — деди ал.

ТЭЦтеги авариянын чыгышына Исаков жооптуубу жеп Жээнбековбу?

Атамбаев Бишкек ТЭЦтинде болгон авария тууралуу коомдо түрдүү пикирлер айтылып жатканын белгилеп, ал боюнча өз пикирин билдирди. Анын айтымында, авария болгонго чейин күз-кыш мезгилине даярдык көрүү Жээнбеков учурунда жүргөн. Ал эми Сапар Исаков премьер-министр болуп 26-августта келген.

Сапар Исаковду премьерликтен кетирүү кимге керек
"Бардык тендерлер жана башка иштер сентябрга чейин аяктайт. Бул тендерлерди 2016-2017-жылдары Сооронбай Жээнбеков башында турган өкмөт өткөргөн. Мага берилген маалымат боюнча 2016-жылы ТЭЦти кышка даярдоо үчүн оңдоо иштерине 280 миллион коротулган. 2017-жылы 230 миллион сом жумшалды. Мунун баары Жээнбеков башында турган өкмөт тарабынан өткөрүлгөн", — деди ал.

Атамбаев ТЭЦтин айланасында болгон ызы-чуу коомду алаксытуу үчүн атайы жасалган аракет деп эсептей турганын белгилеп, ал жактагы айрым нерселерди ага оодара салгандар бар экенин айтты. Экс-ажо, андан сырткары, Бишкек ТЭЦтин, Токтогул, Ат-Башы ГЭСтерин реконструкциялоо үчүн буйрук бергенин, бирок анын аткарылышын көзөмөлдөө башка маселе экенин кошумчалады.

Өтөсүнө чыкпай калган сот реформасы

Экс-ажо айрымдардын "Атамбаев сот реформасын ара жолдо калтырды, аягына чыккан жок" деген пикирлери туура эмес экенин айтты. Себеби ал бийликте турган акыркы беш жылда сот имараттарын оңдоого, жабдууга мурдагы жылдарга салыштырмалуу беш эсе көп каражат бөлүнгөн. Андан сырткары, сот реформасынын эң акыркы кадамы болуп жаңы 7 кодекс ишке кириши керек болчу.

"Жаңы кодекс 2018-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кириши керек эле. Бирок ошол учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун "биз ишке ашырууга үлгүрбөйбүз" деген сунушу менен 2019-жылдын 1-январына жылдырылган", — деди экс-президент.

Белгиленген кадамдар иштеп баштаса гана жылыштар болорун эске салган Атамбаев ал бийликте турган маалда сот реформасын аягына чыгаруу үчүн каражат да табылып, жаңы мыйзамдар дагы иштелип чыкканын кошумчалады.