Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын ичинде "Атадан калган туяк" аңгемеси көлөмү жагынан өтө кыска, сюжеттик-композициялык курулушу жөнөкөй, каармандары аз чыгарма. Анда согуштан кийинки жылдарда кыргыз айылдарынын биринде жесир апасынын колунда өсүп жаткан баланын атага болгон кусалыгы, сагынычы абдан драмалуу да, трагедиялуу да берилет.
Аңгеме адегенде кыргызча жазылган. "Атадан калган туяк" кыргызча жазылган жана "Советтик Кыргызстан" гезитинин 1968-жылдын 23-24-февралдагы санына басылган. Ошол кыргызчасы 1970-жылы "Мектеп" басмасынан өзүнчө китеп болуп чыккан.
"Атадан калган туяк" "Солдатенокко" айланган. Кыргызча жазылган аңгеме орусчага автор тарабынан которулуп, 1972-жылы "Солдатенок" деген ат менен жалпы дүйнөгө тараган. Мында кыргызча аталышындагы фразеологиялык сөз айкашы орусчага которууда кыйынчылык жаратканы себеп болгон сыяктанат.
"Атадан калган туяк" — кино өнөрүндө. "Кыргызтелефильм" студиясы бул чыгарманын негизинде 1973-1974-жылдары кыска метраждуу телефильм тарткан. Ал "Солдатенок" деп аталган. Сценарийи — Эркин Борбиевдики, режиссеру — Элдар Уразбаев, оператору — Марат Дуганов, сүрөтчүсү — Жамбыл Жумабаев. Башкы ролдордо — Шайлоо Сагынбаев, Таттыбүбү Турсунбаева, Кубатбек Жусубалиев. Фильм Москвада окуп жаткан Эркин Борбиевдин дипломдук сценарийи болгон. Чыңгыз Айтматов башкы режиссерлукка өзбек жигити тандалганда кандай болот деп аябай кооптонгон экен. Фильм Сокулук районунда тартылган.
Сариев алган 172 рубль гонорар. "Атадан калган туяктан" кыргыз өкмөтүнүн экс-башчысы алгачкы гонорарын алган. Кино тартып жаткандар Сокулуктун Төш-Булак айылындагы жабалактап турган балдардын ичинен эң тыңы экен деп он жашар Темир Сариевди тандап алат. Ошентип ал бала 1973-жылы киного тартылып, Авалбектин досторунун биринин ролун аткарып 172 рубль акы алган. Акчасын энесине алып келип берсе, энеси аябай сүйүнүп, бардык бир туугандарына мектепке кийим сатып бергендиги кийин Сариев өзү айтып берген жайы бар.