Премьер-министр актерлор Замир Сооронбаев менен Дүйшөн Байдөбөтовдун үйүнө барды

Өкмөт башчы ошондой эле азыркы учурда өлкөнүн экономикалык жаатында алгылыктуу динамика байкалып жатканын баса белгиледи
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Премьер-министр Сапар Исаков 27-мартта белгиленген Бүткүл дүйнөлүк театр күнүнө карата КР эл артисттери Замирбек Сооронбаев жана Дүйшөнбек Байдөбөтовдон кабар алганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Премьер-министр Сапар Исаков навестил народных артистов по случаю Всемирного дня театра

Исаков белгилүү артисттерге ата мекендик искусствого болгон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

"Биз бардык искусство ишмерлерине ушул майданда эмгектенип жүргөндөрү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин өз кесибиңерди жан дилиңер менен сүйүп, ишиңерге кызылдай мээнетиңерди салып жатканыңарды билебиз. Өкмөт биздин тарых жана каада-салтка негизделген маданияттын жаңы, заманбап мейкиндиги үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачкан шарттарды түзгөнгө аракеттенет", — деди Исаков.

Сахнаны сагынган Замир Сооронбаев тууралуу кызыктуу 9 факты
Премьер ошондой эле азыркы учурда өлкөнүн экономикалык жаатында алгылыктуу динамика байкалып жатканын баса белгилеп, эл артисттерге бекем ден соолук калап, материалдык жардам берди.

Өз кезегинде улуу таланттар кесиптик майрамынын урматына көңүл буруп келгени үчүн премьерге ыраазычылык билдирип, ишине ийгиликтерди каалышты.