Кыргызстандын кинотеатрларында белгилүү режиссер Темир Бирназаровдун "Кош келиңиз, президент мырза!" тасмасы көрсөтүлө баштады. Фильмде өз өлкөсүнөн качкан президент жүзүнө пластикалык операция жасатып, мекенине кайтып келет.
Дүйнө тарыхы саясий революцияларга бай. Калк көбүнесе өлкөдөгү жакырчылыкка, авторитардык режимге же адилетсиздикке каршы чыккан. Төңкөрүштүн негизинде тактан кулаган ажолордун тагдыры ар кандай. Кээ бири атууга кетсе, бир бөлүгү камакка алынган. Арасында өз өлкөсүн таштай качкандары да ондоп саналат.
Sputnik Кыргызстан агенттиги өз өлкөсүнөн качкан ажолор тууралуу айтып бермекчи.
Фульхенсио Батиста (Куба)
Фульхенсио Батиста ажолукка 1940-жылы шайланганы менен өз өлкөсүн 1933-жылдан бери эле башкарып келген. Ал жылы Батиста баштаган аскерлер өлкөнүн өкмөтүн кулаткан.
Жашоосун АКШда уланткан Батиста 1952-жылы Кубада аскерий төңкөрүш жасап, кайрадан бийликке келет. Анын экинчи мөөнөтүндө америка мафиясы өлкөнүн туризм жана көңүл ачуу тармагын толугу менен колго алса, АКШ экономиканын дээрлик 70 пайызын көзөмөлдөгөн.
1959-жылы Фидель Кастро жана Эрнесто Че Гевара башында турган революционерлер өлкөдөгү диктатордук режимди кулашат. Ажо үй-бүлөсү менен 1-январда Доминикан Республикасына качат. Андан соң жашоосун Португалия жана Испанияда уланткан. Ал Кубадан качканда өзү менен өлкөнүн Борбордук банкындагы алтындын көлөмдүү бөлүгүн алып чыгып кеткен. Батиста Кубага кайрылып барган эмес.
Бокасса Жан-Бедель (Борбордук Африка Республикасы)
Аскер кызматкери болгон Бокасса Жан-Бедель 1966-жылы 1-январда мамлекеттик төңкөрүш жасап, президент Давид Дакону түрмөгө камайт. Ал дароо эле Баш мыйзамды жоюп, өзүн түбөлүк президент атайт. Анын тактысы алтындан жасалып, таажысына эки миң бриллиант чегерилген. Ал эми калк жакырчылыктын жеткен чегинде жашаган. Башкача көз караштагы адамдарды кыйноо же өлтүрүү кадимкидей эле көрүнүш болгон. Жан-Беделдин жада калса оппозициялык саясатчылардын этин жегени да айтылат. Ал 1976-жылы өзүнө император даражасын ыйгарат.
Жан-Бедель Францияга качып Париждин жанындагы хансарайында жашоосун улантат. Ал 1986-жылы кайрадан ажо болуу максатында өлкөсүнө кайтып келет. Бирок ага адам өлтүргөн, адам этин жеген деген бир топ айыптар тагылып өлүм жазасына тартылат. 1996-жылы мунапыска туш келип, эркиндикке чыккан. Үч жылдан соң өз үйүндө каза болот.
Фердинанд Маркос (Филиппин)
Өлкөсүн экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүү жаатында бир топ иштерди жасаган Маркос ошол эле убакта үй-бүлөсүнүн "экономикасын" да унуткан эмес. Анын маалында үй-бүлөлүк жана кландык бийлик туу чокуга жеткен. 20 жаштагы уулу аймак башкарса, дагы бир уулу элчи, жакын досу президенттин айдоочусунан өлкө армиясынын башчылыгына чейин жеткен. Ажонун жеке байлыгы 10 миллиард долларды чапчыганы айтылат.
1986-жылдагы президенттик шайлоодо адаттагыдай эле Маркос жеңет. Бирок шайлоонун жыйынтыгы каршылык акцияларын күчөтүп, өлкөдө аскерий төңкөрүш орун алат. Маркос АКШнын Гавайи штатына качат. Анын жашоосу айыккыс оору менен коштолгон. Филиппин бийлиги мурдагы президент жана анын үй-бүлөсүнүн өлкөгө кайтып келүүсүнө тыюу салган. Ал 1989-жылы 15-октябрда катуу оорудан улам каза болот.
Жан-Клод Дювалье (Гаити)
Өлкө президентинин уулу болгон Жан-Клод Дювалье атасынын өлүмүнөн кийин 19 жашында эки тизгин, бир чылбырды колуна алат. Дүйнөдөгү эң паракор ажолордун бири катары сыпатталган Дювальенин убагында 10 миңдеген саясатчынын өлтүрүлгөндүгү айтылып келет.
1986-жылы Гаитиде бир нече каршылык акциялары өтүп, анда элүүгө жакын адам каза болот. Мындан улам Францияга качкан экс-ажо өлкөсүнө 2011-жылы кайтып келет. Гаити соту аны мейманканадан кармап, бир нече айып менен камакка алат. Мурдагы президент өз үйүндө 2014-жылы каза болгон.
Альберто Фухимори (Перу)
Япон тектүү Альберто Фухимори алгач илимий иштер жана алып баруучулук менен алектенет. Бийликке келгенден кийин өлкөнүн экономикасы жакшырганы менен режимге каршы пикирдеги адамдар аёосуз кырылган. Жада калса оппозициялык уюмдарды колдогон айыл-кыштактар да коркутуп-үркүтүүгө алынган.
2000-жылкы президенттик шайлоо убагында Фухиморинин бир нече ыплас иштери ачыкка чыккан. Ал шайлоодон жеңгени менен коррупциялык иштеринен улам бийликтен баш тартууга аргасыз болуп, Японияга качкан. Мурдагы президент 2005-жылы Чилиде кармалып, Перуга өткөрүп берилген. Фухимори саясатчы жана журналисттерге пара берген, телефон сүйлөшүүлөрүн мыйзамсыз тыңшаган деген айып менен 25 жылга кесилип, 2017-жылы эркиндикке чыккан.
Аскар Акаев (Кыргызстан)
Аскар Акаев 1991-жылы эгемен Кыргызстандын алгачкы президенти болуп шайланган. Аймактагы башка ажолор сыяктуу эле "үй-бүлөлүк" башкаруунун алдын алган эмес. Жакындары жана сааналаштары байыганы менен карапайым калк жакырчылыкка батып, миллиондогон жарандар аргасыздан мигранттык тагдырга тушуккан. Кыргыз тарыхындагы трагедиялуу Аксы окуясы да Акаевдин бийлигинин учурунда болгон.
Курманбек Бакиев (Кыргызстан)
"Жоогазын" революциясынан кийин бийликке келген Курманбек Бакиев тилекке каршы, мурдагы ажонун жолун улаган. Анын убагында коррупция күчөп, саясий оппоненттер жана журналисттер өлтүрүлүп, үй-бүлөлүк режим мурдагыдан да күч алган. 2007-жылы Баш мыйзамга өзгөртүү киргизген Бакиев парламентти таратып, жаңы шайлоо өткөргөн. Жыйынтыгында жаңы түзүлгөн бийликтин "Ак Жол" партиясы көпчүлүк мандатка ээ болгон. Ал эми уулу Максим Бакиев өлкөдөгү эң таасирдүү адамга айланса, башка туугандары маанилүү мамлекеттик кызматтарды ээлеп турган.
2009-жылкы президенттик шайлоодо Бакиев 90 пайыз добуш менен жеңишке жетет. 2010-жылы 7-апрелде өлкө оппозициясы массалык каршылык акцияларын өткөрүп Бишкекти колго алат. Ал эми Бакиев Жалал-Абад шаарына качат. Ал жерден алгач Казакстанга өтүп, андан соң Белоруссияга кетет. Мурдагы президент сыртынан 25 жылга кесилгени менен Белоруссия аны Кыргызстанга экстрадициялоодон баш тарткан. Курманбек Бакиев азыр бул өлкөдө ээн-эркин жашап келет.
Зин эль-Абидин Бен Али (Тунис)
Бен Алинин убагында Тунис экономикалык жактан өнүгүп, калктын жашоо-шарты жакшырган. Бирок анын эң чоң кемчилиги жубайы Лейла Бен Алинин ар бир сөзүн аткаргандыгында болгон. Тунистеги баалуу делген бардык нерсеге ээлик кылган Лейла жана анын үй-бүлөсү жек көрүндүгө айланган. Ажо 2010-жылдагы президенттик шайлоого катышпасын айткан, бирок жубайы талапкерлигин коёру калктын кыжырына тийген.
Жашоо-шарттын жакшы болгону менен авторитардык режим коррупцияга жана жумушсуздукка жол ачкан. 2010-жылдын 17-декабрында көчөдө мөмө-жемиш саткан Мухаммед Буазизи бийликтин адилетсиздигине каршы өзүн-өзү өрттөгөн. Жыйынтыгында массалык акциялар башталып, президент 2011-жылдын башында Сауд Аравиясына качкан. Ага Жидда шаарынан королдук хансарай берилген. Бен Али өзү менен кошо бир жарым тонна алтын да чыгарып кеткени айтылат.
Виктор Янукович (Украина)
Өлкөдө күчөгөн массалык каршылык акцияларынан улам Янукович Украинадан чыгып кеткен. Анын азыр Россияда жашаарын ЖМКлар жазып чыгышкан.