Жолтандабас Илимдер академиясынын алдындагы "Атом моделин" барып сүздү. Сүрөт

Милициянын билдиришинче жол кырсыгы болгондон кийин автоунаанын ичинен бир нече киши чыгып качып кеткен
Sputnik

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Бишкекте жолтандабас Улуттук илимдер академиясынын алдындагы "Атомдун планетардык модели" архитектуралык конструкциясын барып сүзгөнүн күбө Sputnik Кыргызстан агенттигинин Telegram каналы аркылуу билдирди.

В Бишкеке внедорожник врезался в архитектурную конструкцию "Планетарная модель атома"

Жол кырсыгы 30-мартта болжол менен таңкы саат 6:00дөр чамасында Чүй проспекстиси менен Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде болгон. Күбөнүн айтымында, Honda CRV автоунаасынын айдоочусу чыгыштан батышты көздөй баратып, конструкцияга барып урунган. Кырсыктан кийин окуя болгон жерге милиция менен эвакуатор келген.

"Конструкция бир аз жабыркап, аны курчап турган чынжыр үзүлүп кетти. Honda атом конструкциясынын ортосуна барып туруп калды", — деди күбө.

Шаардык жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кырсык болгонун тастыктады.

"Айдоочу мас экен, ал кармалды. Машинанын ичинде бир нече киши болгон, бирок алар качып кеткен", — дешти милициядан.

Айдоочу менен эки жүргүнчүнүн мээси чайкалганы аныкталды.